Бери кара! Наам деп жүрүп өлгөндөр көбөйүүдө…


Эй! Вы там, наверху! 

Биз бүгүн рухий жакырчылыкта жашап жаткан элбиз, бирок оңду-солду таратылган мамлекеттик эбегейсиз сыйлык-наамдар толтура. Андан сырткары билимсиздин далайы доктор, профессор, академик болуп алышканына сиздин баамыңыз кандай? – деген меселенин тегерегинде «Коом жана Мен» сайты илим-билим, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандар арасында атайы сурамжылоо жүргүзүп көрсөк, жооптор мамындай болду:

Бекташ ШАМШИЕВ, адабиятчы: Жаңы заман шартында ширпотреб деген ожалбадыбы. Ошонун салакасы. Убагында Маркс «капитализм ыйык эч нерсени калтырбайт, жекече туйтунууну көздөгөн капиталист үчүн киреше табуудан башка эч кандай кызыкчылыгы калбайт» деп ташка тамга баскандай белгилеп кеткен. Ортодо акчанын культу, товардын культу өөрчүп кетерин баса көрсөткөн. «Коом жана Мен» сайты көтөргөн бул маселенин баары ошондон сыгылып чыккан көрүнүштөр.

Кыргызстан өз алдынча түтүн булатып, мамлекет куруу маданиятына жетише элек экенбиз. Жеке кызыкчылык мамлекеттик кызыкчылыкты басып кеткен жерде ар кими өз колотунда кожоюн, алсам-жулсам деген ачкөздүктүн торунан чыга албай, анын натыйжасы илгери империялардын кыйрашы менен аяктачу эле, бизде кандай болоруна болжол куруш кыйын, бирок эгемен мамлекетибизди жоготуп алабызбы деп корком. Мамлекеттик сыйлыктар көбүнесе чыныгы талантка эмес бийликтегилердин баамына илинип, алардын айткан-дегендерин илгиртпей аткарган кошоматчыларга берилип кеткен учурлары аз эмес. Чыныгы таланттар баам сыртында калганы деле белгилүү.

Төкмө акын Ысак Парпиев менен обончу Исирадин Аманбаев бул ирет деле бийликтегилердин баамына илинбеди. Ал эми илим жаатындагы абалды айтпасам деле белгилүү. Мамлекет азыноолок акчасын бөлүп, илимпоздорду омуроологонду өнөр кылып алды. Ал эми андагы илимпоздордун деңгээли заманга жараша оош-кыйышы менен келатат.

Жолдош ТУРДУБАЕВ: публицист: Бул маселелер боюнча мен бир нече ирет, ар кайсы өңүтүнөн, конкреттүү мисалдарды келтирип жазганмын, жакында дагы жазам, буюрса. Мамлекеттик сыйлык, наамдар кадыры кетип, чайкоо товарына айланып бүттү. Булар айрым учурларда бийликтин ырын ырдатып, чоорун тарттыруучу каражат да болуп калды. Илимий даражалар да мителердин шыбагасына айланды. Болору болуп, боёосу канды. Эми эмне кылуу керек? Менимче, анча-мынча намысы барлар бул сыйлык-наамдардан баш тартышы кажет.

Чайкоо товарындай эл тааныбаган кайдагы бир халтурачыларга эл акыны, жазуучусу, артисти, эч кандай эмгеги жокторго «эмгек сиңирген» ж.б. ыйгарып, чыныгы татыктууларга бербей убара кылган жосун тыйылмайынча каршылык иретинде ушундай кадамга барыш зарыл. Анан сыйлыкка көрсөтүү, татыктууларды иргеп алуу жол-жоболорун кайрадан иштеп чыгып, бул жааттагы ар бир кадамды интернет, теле, гезит ж.б. аркылуу элге көрсөтүп туруш керек. Чыныгы таланттарды сүрөбөй, сыйлыкка көрсөтпөй бут тоскондорду ашкерелеп, административдик чара көрүш керек аларга.

Аскер САКЫБАЕВА, журналист: Сыйлык, наам дегендер эски эсэсэрден калган алдооч баштык жана идеологиялык багыт берип турган кароолчу эмес беле. Азыр дүйнөдө мындай жок. Мурдагы союздук өлкөлөрдө эле калган, мындай сыйургаал талашкан саркынды. Менин укканыма караганда, 1989-жылдарда бир топ алдынкы көзкараштардагы чыгармачыл адамдар сыйлык, наамдарды жоюп салалы деп демилге көтөрүшкөн экен. Бирок аларды эч ким колдобоптур. Ал адамдардын өздөрүнүн наамдары бар экен, ошолорду деле тапшырып берели дешиптир. Кулак салган жан болбоптур. Менимче, сыйлык, наам алгысы келгендердин баарына кекиртегинен чыккыча баарын таратып, алардын баа баркын тапичкенин таманына теңеп туруп, баары жүзүн үйрүп, “койчу, ошондой наамды” дегенге жеткизип туруп анан алардын баарын жоюп салыш керек.

Чыныгы талантың болсо эл бааласын, китеп жазсаң, концерт койсоң баарын өзүң жаса, эч кимге догурунба деш керек. Ал эми билимсиздердин академик, профессор болуп жатышканын да иретке салыш керек. Ошондой илимий наамдарды ыйгарган жоболорду кайра карап, аларды заманбап шартка ылайык өзгөртүү зарыл. Анткени илим үчүн эчтеке кылбаса деле, бирок белгилүү бир убакыт өткөн соң жоболорго туура келсе каалагандар профессор, академик боло беришет эмеспи. Мисалы, университеттин ректору сөзсүз илим доктору, профессор болуш керек деген талап бар экени белгилүү. Менимче, ушундай жобону деле жаңыртууга убакыт келди. Акыры айтаарым, азыркы коомго илээшип келаткан эскиликтерден арылуу үчүн муун да алмашуусу керек ко дейм.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, социолог жана жазуучу: Биздин эл качан гана адамдарды формалдуу наамдарына карап баалап, төргө өткөзгөнүн токтототмоюн сыйлыкка умтулуу, наамга умтулуу боло берет. Эгер азыр илимдин кандидаты болбосоң, жогорку окуу жайда иштөө кыйын, саат тийбейт, бул жөөкөй эле жагы, доктор болмоюнча сенин билимиң, билгениң бааланбайт, анан ушул формалдуулуктарды алганга көбү аргасыз умтулат да, бирок бир айныгыс чындык – профессор, илим докторунан кыйын билимдүүлөр, илимдүүлөр бар. Бизде адамдарды наамына, сыйлыгына, кызматына карап баалабай, акылына, билимине, талантына, көрөңгөсүнө, адамдыгына, наркына карап бааламайын бул нерсе кала берет.

Бакыт ОРУНБЕКОВ, журналист: Мамлекеттик сыйлык, наамдарды түп орду менен токтотуш керек, жоюш керек. Ошондо көп адамдар оорубай, көптөрү өлүмдөн калат эле. Наам алат элем деп канча адамдар жүрөк оорулуу болушту, интригалар күчөп, жамаатта ырк кеткен учурлар мындан көп. Ал эми доктор, профессорлукту алгандар жаатында айтсак, өнүккөн өлкөлөрдүн өрнөгүндө реформа жасалышы керек…

Рысбай ИСАКОВ, манасчы: Бардык нерсенин пайдалуу жагын тапканды үйрөнүшүбүз керек ко дейм. Маселен, рухий жакырчылык өзөгүбүзгө кайтууга аргасыз кылат. Сыйлыкты татыктуу алгандар да бар, татыксыздар да бар. Ал жагына баш ооруткум келбейт. Акмактын акмак болгону эч нерсе эмес, билимдүү акмак – баарынан коркунучтуу. Бул жагын жакшылап ойлонушубуз керек…

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ, коомдук ишмер: Биз бүгүн руханий жакырчылыктын сазына батып баратканыбыз чындык. Ал эми сыйлыктын баркы кеткен себеби, сатылган күндөн баштап баардык нерсенин баркы жоголот экен. Ал гана эмес ак сатпаган кыргыздын кымызынын да, сүтүнүн да баркы кетти. Акты кара баскан заман болду. Кул бий болуп, уй пул болгон заман. “Өзү сары көзү көк орус чыгаар, \Узун чөптүн баарысын оруп чыгаар. \Кыска чөптүн баарысын коруп чыгаар. \Жер такыр болоор,\ Заман акыр болоор…” дептир олуя атам. Так ошол жиниккен жинди заманда Азыр бисмиллабыздан башканын баары калп болгон заманда эм не көп? Доктор, профессор, академиктер менен пок көп…

Комментарий кошуу