Математикалык ойломго бай ырлардын ээси Ысмайыл Кадыров


Ы.Кадыров балдар адабиятына 90-жылдары келди. Адегенде балдарга арнаган ырлары мезгилдүү басма сөздөргө, анын ичинде “Байчечекей” балдар басылмасына жарыяланып жүрдү да, 1998-жылы басмадан жарык көргөн биринчи “Түстөн чыккан түркүн сөз” жыйнагы окурмандар тарабынан сүймөнчүлүк менен кабыл алынды. Албетте, бир жагынан акындын начар чыгарма жаратышы мүмкүн да эмес болчу. Анткени, өзү көп жылдар бою “Энциклопедияда” иштеп, балдардын табияты талап кылчу энциклопедиялык билими жетиштүү болгондуктан, ички рухий жактан балдар поэзиясына батыл кирүүгө даяр болчу. Экинчиден, бул мезгилде кичинекейлердин көркөм сөз өнөрүндө жаңычыл адабий тажрыйба да жетиштүү эле.

Толугу менен