Өз кемчилигин ойноштор гана бири бирине көрсөтпөйт


Пьер БУАСТ
(1765-1824), француз афористи жана лексикограф  

 Нике – чоң утушка ээ болуп калармын деп ар ким ишенген лотереядай.

***

Саясат менен көз таңмай экөө окшош. Баарынын көзү таңылуу: кээси гана жол тапса табат.

***

Эгер адам баласынын баардык каалаганы аткарыла берсе, жер бети тозокко айланмак.

***

Туруксуз сүйүүнүн далили – ант. Чыныгы сүйүү – антты оозанбайт.

***

Турмуштун далай жолуна баргандан кийин туура эмес жолго түшкөнүңдү билесиң.

***

Өз кемчилигин ойноштор гана бири-бирине көрсөтпөйт. А эрди-катынчы? Күнүгө бириникин-бири көзгө сайып турат.

***

Ойноштор аксарайдын аксөөктөрүнчө бири-бирине көп калп айтат.

***

Ашкере сыпайыгерлердин мамилелери тез сууйт.

***

Жаштар алдыда кылар иштерин; карылар жаш кезде кылган иштерин; акмактар кылганга чыгынбай жүргөн иштерин айтып түгөталбайт.

***

Башкаларга жагынуу үчүн жанкурбуңду жамандагандан өткөн пастык жок.

***

Жакшылыкка караганда жамандык көпкө чейин эстен кетпейт.

***

Котормо – туштукка түшүрүлгөн жакшынакай сайманын аркасындай одурайган нерсе.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Комментарий кошуу