Дервиштин кызы


Түрк жомогу

Илгерки бир замандарда бир падыша жашаптыр. Анын баласы жок экен.

Бир жолу ошол падыша сейилдегени чыгат. Сейилдеп жүрүп булактын жанына токтоп, даарат алып, намаз окуйт. Анан караса эле жанына бир дервиш келип калыптыр.

– Ассалому алейкум, падыша! – дейт ал.

Падыша саламга алик алып тигиге кайрылат:

– Сен менин падыша экендигимди кайдан билдиң? Андай билгич болсоң менин ичимдеги кайгым неден экенин да айтып берчи?

Толугу менен

Ит, мышык жана чычкан


Монгол жомогу

Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт.

– Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! – дептир.

Чычкандар мышыктын айтканын кылышат да, каргыны катып коюшуп, иттин алдына барышат.

Толугу менен

Жайчы


Непал жомогу 

 Илгери бир жайчы[1] болуптур. Бир жылы ал жашаган чөлкөмдү кургакчылык каптап, жамгыр төкпөй коёт. Жердин баары кайрак болуп, күрүч айдоого мүмкүн болбойт. Эмдигиче асманды булут каптап, жамгыр көнөктөп жибериш керек эле. Бирок жерге күн нурунан башка эч нерсе жаабай, дыйкандардын аргасы кетет. Ошондо жайчы алдына жалпак тактай коюп, үстүнө кумдан жаят. Ага майда жана чоң жылдыздарды чиймелеп, акыры жамгыр кайсы күнү болорун билүүгө аракет кылат.

Жылдыздардын аралыгын жайчы тигиндейинен да, мындайынан да эсептеп чыгат. Аягында жамгыр кайсы күнү болоруна ынанат да дароо тактайын жыйнаштырып, колуна кетменин алып, талаага жөнөйт.

Жайчынын кетмен менен жер чанап атканын көргөн Асмандын ээси Индра ошол замат жерге түшөт. Ал адамдар кандай турмуш кечирерин билмекчи болот. Кара терге түшүп иштеп аткан жайчынын жанына келери менен Индра:

Толугу менен