Карадөө менен Акмат


I

Оңой көрүп Карадөө,
акыл ойну шахматты,
жеңемин деп ойлоду,
жети жашар Акматты.

Кабак түйүп Карадөө,
актар менен тап койду.
Акмат анан тез эле,
шах берди да, мат койду.

 

II

Алаңдаган Карадөө
аң-таң болуп карады.
«Анда мага берчи, – деп –
актарды эмес, караны…»

Кайра баштан ойноду,
тез утам деп ойлоду.
Ары-бери кайра эле,
Акмат утту он жолу.

Дөөнүн кетип айласы, –
акыл ойну шахматтын
чоң экен деп пайдасы,
колун кысты Акматтын.

 

ОКУУ 

I

Ошол эле Акмат,
Карадөөнү мактап,
«Алгын – деди, – эми,
«Алиппени» жаттап…
«А-та, о-то, та-ка»
– айткын – деди, – таптак».

Карадөөнү Акмат,
улам улам мактап,
а Дөө болсо мектеп
босогосун аттап:
Ошо менен Дөөнүн,
окуу бурду көөнүн.

 

II

Акмат менен Карадөө,
тандады эле оболу,
эң алдыңкы партаны,
бирок тоодой Карадөө,
тосуп калса болобу,
досканы да, картаны.

Мектеп сүйгөн Карадөө
батпай калып партага,
орунтук таап мугалим,
отургузду аркага.

 

КӨЛӨКӨ

Көлөкө жок эч бир
жай күнүндө аптап,
талаа жерде түптүз
күн төбөдөн кактап…
Карадөөнү анан
чыдамкай деп мактап,
чыдамы жок Акмат,
чыркыраган кезде,
чын дос экен Карадөө,
«Көлөкөмө тур» деп,
досун калды сактап.
2005-ж.

Олжобай ШАКИР

Комментарий кошуу