Турмуштан үйрөнөр акыл


Бирма элдеринин жомогу

Күндөрдүн бир күндөрүндө күрүчтүн түшүмү бышаар мезгилде атасы уулуна аңыз талааны көрсөткөнү ээрчитип алат. Биринин шалысында даны бар, бириникинде даны жок аңыз талаадагы күрүчтөрдү көргөн уулу атасына собол узатат:

– Ата, мынабул түптүз өскөн күрүчтүн шалысын караңызчы. Менимче, жерге башын ийбей, зыңгыранып өскөнү – демек, жанындагы шалысы ийилген күрүчкө караганда түшүмдүү болот. Ошон үчүн жанындагысы ага башын ийип, таазим кылганы го… – дейт.

Атасы жерден күрүчтүн эки шалысын үзүп алып:

– Балам, – дейт, – бери карачы! Мынабул шалысы жерге ийилгени – даны жетилип, керекке жарай турганы. Ал эми мынабусу, элибизде «шалысы бар, даны жок» – деп айтылгандай, мактанчаак турбайбы. Бул али жапжашыл, быша элек бойдон экен. Турмушта да дал ушундай. Адепсиз, көкүрөгү көңдөй адамдар да башкалардын көзүнө зыңгыранып көрүнөт. Ал эми акыл-нарктуу, мээнетчил адамдар дал ушул шалысы ийилген данга окшош. Алар зыңгыранбайт, мактанбайт. Болгону, өздөрүн элге көкөлөтүп көрсөтпөй гана кызматын кылып, тынч жүрө беришет. Аларды ошон үчүн башкалар сыйлайт, урматтайт.

Ал ошентип турмуштан үйрөнөр акылды күрүчтүн шалысын мисал кылып, уулуна жакшы тарбия берген экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Комментарий кошуу