ӨНӨРКАНА
Лилиан РОСС
Америкадагы ашкан улуу романист, нары чакан аңгеменин жетик чебери Эрнест Хемингуэй эле болсо керек… Ал киши Нью-Йоркко анда санда гана болбосо, көп келүүчү эмес. Аялы жана тогуз кызматкери менен Гаванадан тогуз чакырым алыс Фринк Виджиа фермасында эч жакка чыкпай, узак жылдардан бери жашап келе жатат. Карамагында 52 мышык, 16 ит, 200гө жуук көгүчкөн, 3 ую бар. Нью-Йоркко болсо, жол үстү гана тие кетүүчү.
1949-жылдын аяк ченинде Хемингуэй Европага баратып, Нью-Йоркко бир нече күн аялдады. Мына ушул учурдан пайдаланып мен ага кезигишсек деген оюмду айтып кат жаздым. Машинкага бастырылып, мага жиберилген жооп катта: «Кезигишүүгө каршы эмесмин, аэропорттон көрүшөлү. Мен өзүм жактырбаган кишилерди көргүм келбейт. Келгенимди билдирип, элге дабран салууну да, бирөөлөргө убактымды бөлө берүүнү да жактырбайм, – деп жазыптыр, – Бронкстеги зоопаркта, Метрополитен музейинде, азыркы заман көркөм өнөр мүзейинде, табият тарыхынын мүзейинде болгум келет. Бокс оюнун жакшы көрөм. Метрополитендеги Брейгель өңдүү асыл адамдардын сүрөттөрүн, бир эмес, эки Гойяга татырлык жакшы сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын, Эль Греконун «Толедосун» көргүм келет. Ал эми, Тутс Шоруга (Нью-Йорк борборуна жайгашкан жазуучулар, сүрөтчүлөр жана артисттер келүүчү ресторан) баргым келбейт. Шаардан кетээр кеткенче эч кимге сөз айтпоого тырышам. Түнкү барларга да барбайм. Басма сөз өкүлдөрү менен кезигишүүдөн баш тартууга да болбойт. Кыскасы, убактым жолдош-жоролорумду көрүүгө гана жетет».