Койлордун падышасы Луис I


Оливье ТАЛЛЕК 

Жомок

«Мага эмне жакшы болсо, ал менин элиме жакшы».

Луис I

Бороон-чапкындуу бир күнү Луис деген кара бышты койлордун падышасы болуп калды жана ал Луис I деп аталды. Луис I менде  эң алды менен падыша катары койлорду башкарганга таажым болушу керек деп ойлоду. Жана отуруп алып адилеттүү бийлик жүргүзүү үчүн өз тактым болушу шарт, себеби бийлик жүргүзүүдө адилеттик баарынан маанилүү деп ойлоду ал. Анан падыша түнкүсүн кандай эс алганын жалпы журт билип туруусу үчүн падышада чоң кенен керебети болушу абзел. Луис I ошондой эле жакшы падыша өз элине маал-маал кайрылуу жасап туруш керек деди өзүнчө. Башка убактысын ээн-жайкын жүргөн бугуларга, доңуздарга, өзгөчө, арстандарга аң уулап өткөрмөк болду.

Бирок падышалыкта арстандар жок болгондуктан, жаангер өзү каалагандай ыракаттануу үчүн арстандарды сырттан алып келдирет. Падыша сейил куруусу үчүн эң мыкты деген багбандар бапестеп караган өз  багы да болот. Луис I ак сарайына дүйнөдөгү эң атактуу артисттерди чакыртып, алар өз өнөрлөрүн падышага жана анын жан-жөкөрлөрүнө көрсөтөт. Койлордун падышасына урмат көрсөтүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан ат арытып элчилер да келишет. Бирок Луис I мунун баарын коё туруп, биринчи кезекте өз падышалыгымда тартип орнотушум керек деп чечти.

Ошон үчүн өз букараларын менин артыма катар-катар тизилип, төрт аягыңарды тегиз таштап, мени туурап баскыла деп буйрук берди. Андан соң Луис I өлкөдө мага окшоп баскандар гана калсын, ал эми мендей баса албагандар башка жакка кетирилсин деп жарлык чыгарды. Бирок дагы бир бороон-чапкындуу күнү койлордун падышасы Луис I кайра мурдакы тонун кийип,  кара бышты болуп алды.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

P.S. «Коом жана Мен» сайты Кыргызстан аймагынан алыста жүргөн мекендештерибиздин кыргыз тилине түпнускадан которулган көркөм текст, көркөм чыгармаларын үзгүлтүксүз жарыялап турарын эскертет. Кыргыз адабиятынын тарыхында буга чейин дүйнө элдеринин көркөм мурастарын орус тили аркылуу гана окуп келсек, бүгүнкү күндө дүйнөнүн кай бурчунда болбосун, англис, кытай, араб, немис, француз, испан, түрк ж.б., ж.б… тилдерин мыкты өздөштүргөн жаңы генерациядагы кыргыз тукуму дүйнө баалуулуктарын тааныган заманда котормо жанрында эмгектенген мекендештерибиз менен кызматташууга даярбыз.

Нектар ташыган аары сымал котормочулук мээнет аркылуу кыргыз адабиятын көркөм мурастар менен байытууну каалагандар өз эмгектерин oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтө аласыздар… 

Буга чейинки кыргызча которулган төмөндөгү көркөм чыгармалар менен да тааныша аласыздар: 

Патрисия Маклахлан, Эмилия Маклахлан Чарест: Сен келгенден мурда

Памела Дункан Эдвардс: Дүйнө уктап жатканда

Назым Хикмет: Мен сенден мурда өлүштү каалайм

Комментарий кошуу