Конкурска: Аппак кар


№2

* * *
Жаа, кар. Жаагын. Аянба.
Кула жердин төшүнө.
Бир да жан жок ааламда
Сени күткөн мынчалык.

Жаа, кар. Жаагын. Аянба.
Уктасынчы көшүлө
Кар жамынган айлана
Жазга чейин тынч алып.
01.02.1997 

Толугу менен

Кыргыз жигиттери чечен, дагестандыктарча жокпу?!


“Мекендеш” рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап эмгектенген мекендешибиз Тахмина Нусупова…

– Тахмина, Питерде жашоо кечиргениңиздерге канча убакыт өттү?

– Питерде жашап жатканыбызга буюрса быйыл бешинчи жыл болот.

– Россия жаранысызбы же…

– Жо-ок… Албетте, биз келген убакта Россия жарандыгын алуу оңой болчу, бирок алган эмеспиз. Себеби кайра эле кетебиз деген ой болгон… Азыр жарандык алыш аябай кыйындап калды. Бизди жаңы келгенде алгыла деп катуу үндөшкөн, бирок албадык…

Толугу менен

Кардар менен тикмечи


Армян жомогу

Бир адам тигүүчүгө козу көрпө көтөрүп келип суранган экен:

– Мага ушул көрпөдөн тумак тигип берчи!

– Жарайт, – дейт тикмеч, – тигип берем!

Кардар тикмечиникинен чыгат да, ойлонот: «Көрпө чоң да, а мүмкүн эки тумак тиктирсем кантет?» Муну ойлогон неме тикмечиге кайра кирип сурайт:

Толугу менен

Биздин булчуң этибизден да мээбиз жалкоо


Франсуа де ЛАРОШФУКОkffkkg

 (1613-1680) француз жазуучусу

Жарык дүйнөдө карылыктын карылыктай үлгүсүн көрсөткөн карылар эң эле аз.

* * *

Акылсыздыгың улам карыган сайын оркоюп турат.

* * *

Толугу менен

Эсимде


БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

Шайлообек Дүйшеев жогорку окуу жайында жалгыз окуп, жатаканада жалгыз жашаган эмес. Тегерегинде агалык акылын айткан, инилик көмөгүн, жолдоштук сыйын көрсөткөн жакшы санаалаш курсташтары арбын эле. Алардын бири – Искендер Жумабаев. Ата тарбиясын албай, эне мээримин көрбөй жетим өскөн Шайлообектин анда-санда кармай калчу агын суудай албуут кыялын эпке келтириш, жапайы тулпардай туйлаган азоо талантын тапка келтириш, турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбасы аз бизге окшогон мадырабаш жаш жигиттер үчүн оңбогондой оор маселе эле.

Толугу менен

 Отурасың өзөгүндө…


Нуралы КАПАРОВ 

ПОЭЗИЯ

Олтургандай жылуу-жумшак төшөгүндө,
олтурган Барсбектин,
олтурган Чыңгызхандын өзөгүндө.

Ийилип жүгүнүшкөн
ийиктей чимирилип,
күйүкпөй жүгүрүшкөн.

Жаным деген,
кара жаным чабайын ханым деген.
Тартактап ташын ташып,
жалпактап ашын жеген.
Өзөгүндө олтурган ошол душман
өрт чыгарып акыры башын жеген.
Толугу менен