Дайырбек Стантегиндин тандалма ырлары


14699985_1412023512161027_98307886_n-1Акындын аманаты эле…

Биз анда студентпиз. Кайсы бир гезит бетине Дайырбек Стантегин аттуу акындын болгону 4-5 ыры жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин баш сөзү менен жарыяланганы эсимде. Сыягы баш сөздө “кайран Арыстанбек менен Жеңижок өлбөптүр… кыргыздын “Аккан суудай” улуу поэзиясы соолбоптур, тунук булагы шылдырап агып атыптыр” маанисинде пикир айтылган. Ошондон кийин Дайырбек агабыздын ырларын кууп окуп калганбыз. Андан бери далай суулар акты. Д.Стантегиндин ырлары өтө сейрек жарыяланды. Китеби чыкпады. Колго тийбеген акын болду…Көрсө, элеттен алыс чыкпаган талант экен ал киши… 

Мен бу киши менен өмүрүмдө бир гана жолу кездештим. Болгондо да мүрзөдөн. Жумгалдын Кайырма айылынан. Сөөк узаткан элдин арасынан. Анда ыраматылык Алым Токтомушевдин көзү тирүү. Иниси Керим байкени акыркы сапарга узатканы барганбыз. Кабыр башында топурак салып аткандардын арасынан капысынан бейтааныш бирөө: “Эй сен…Олжобайсыңбы?” деп калды… – “Ии” дедим жанына ыктай. – “Мен Дайырбек Стантегин деген болом. Уктуң беле?” – Йе-е, байке…Укпагандачы!” Экөөбүз кучакташып көрүштүк. Биринчи жолу… Ошону менен көрүшө элекпиз…

Кийин көртирлик менен жүрсөм, телефонум чырылдайт. Алсам, Жумгалдан келген бала экен. Аты эсимде калбады. “Мен Дайырбектин баласы болом. Сизге атам бир папка ырларын берип жиберди эле. Кай жерге жеткирип берейин?”

Төмөндө жарыяланган ырлары ошентип колума тийген. Азын оолагын гезит беттерине жарыялап жүрдүм. Бир күнү Алым байке телефон чалды: “Баягы Дайырбек инсульт болуп төшөктө жатыптыр. Көңүлү көтөрүлүп калсын, сендеги ырларын тандап “Жаңы Ала-Тоо” журналына жарыялап койбойлубу”…

Калың папкени Алыкеме жеткирип бердим. Жарыялап жүрдү, бирок баарын эмес. Көп өтпөй Алыкем бир күнү кайра чалды. “Баягы Дайырбек тил ооздон калыптыр. Төшөктөн турбайт дейт. Жакында мен да өлөм. Кыйналбай өлсөм экен… Дайырбектей төшөктө жатып калбасам дедим эле…”

Көп узабай Алыкенин өзүнүн көзү өтүп кетти. Көзү өтөрү менен “Жаңы Ала-Тоо” журналынын кезектеги номуру жарык көрүп, ага Дайырбек Стантегиндин ырлары жарыяланыптыр. Ырлардын башына, тема ордуна “Дайырбек дайындан…” деп коюптур Алыкебиз… Кызык… Артыман келесиң дегениби бу?..

А.Токтомушевдин болгон архивдерин ошондон кийин колума алдым. Эки китебин басмага даярдап бердим. Жарыкка чыкты. Жарыкка чыгарар дагы көп эмгеги жатат. Алыкемдин кол жазмаларынын арасында башында мага берип жиберген Дайырбек Стантегиндин да бир папка ырлары бар: окурман четин ойо элек… Дайырбек байкенин ал-акыбалын көрүнгөн жумгалдыктан сураштырам. Билген киши жок. Айткан киши жок.

Учурунда Алыкем экөө түрмөгө бирге кеткен экен кесилип. Ошондон бери экөөнүн чыгармачылык алакасы бекем эле. Экөө бири-бирин терең урматтачу. Экөө устат-шакирттей жандар эле…

Олжобай ШАКИР

P.S.Урматтуу окурмандар, эгерде кимде-ким Жумгалдын Кайырма айылында жашаган Дайырбек Стантегин агабызды тааныса, бизге кабарын билдирип койсо… “Коом жана Мен” сайтына жарыяланган төмөндөгү ырлары туурасында кабардар кылып коюңуздар…

Алмашкан сезим

Ырына да, чырына да кесирлүү,
Ышкым жанып, ичек-боорум эзилчү.
Бирок ошол Есенин да, Пушкин да
Өтө узак жашагандай сезилчү.

Алтымышка чыгып калдым өрүүлөп,
Азыр сезим башкачараак көбүрөт:
Эсил кайран Гёте, Толстой да, Саади чал
Эрте кетип калышкандай көрүнөт.

Куурчак уул

Жаралбадым, жаратчулар жаратты.
Кошо берип “куйрук менен канатты”.
Ошон үчүн аңырайып караймын,
Түндүк, Түштүк, Батыш, Чыгыш тарапты.

Баары жаңы, баары кызык, көрбөгөм.
Балкыйм, калкыйм башкача бир дем менен.
Жасап жатып, жакпай калып ыргыткан,
Жараткандын куурчак уулу өңдөнөм.

Эсим чыгат

Өмүр жашты өлчөп-бутап ченебей,
Өктөөсү жок, кырсык болбой кенедей,
Эгер адам өлбөс болуп калганда,
Эсим чыгат эмне болмок элек, эй!

Кыр менен ой

Чыркырасам экендигин ким наадан,
Чындыгына ишенбеди бир да адам.
Эртесинде шүгүр дедим ичимден
Эптеп-септеп жеткениме кырга аман.

Эси дартым көктө – Күндө, Айда эле,
Айткан атам: “Ал жагыңдан пайда не!?”
Томолонуп, жумаланып баратып,
“Топ” деп ойго түшүп калдым кайра эле.

Көр дүйнө

Ооз күйүп калбагандай от дегенден,
Асмандан түшпөйт дүйнө жок дегенден.
Опаасыз жапаа болуп жүргөнчөктү,
Ок жеген артыгыраак бок жегенден.

Аз дүйнө көп дүйнөнү топтоп берген,
Азгыны бозгун болуп жоктон өлгөн.
Чуу куйрук туу куйрукка жем болгончо,
Бок жеген артыгыраак ок жегенден.

Арман күч буруш кане дурусуна,
Ким каниет кылган экен ырысына?..
Көр дүйнө көктө мелжийт тунуп, тунуп,
Көз жетпейт бир учунан бир учуна.

Жалган экен

Эки жерде экини төрт деп анык,
Эски, жаңы чындыкты көктөп алып:
Жетип барсам, жүзүң кур, жалган экен,
Төрт – төрт эмес, беш болуп калган экен!

Бейкапар дүйнө

Эңсегеним демге күйүп жандыбы,
Жетпегеним желге айланып калдыбы?
Түкшүмөлдүү түйүн экен чечилбес,
Түшүнөм деп жүргөнүмдүн бардыгы!

Акыйкаттын акыйкатка зардыгы,
Аалам жердин Аалам жерге тардыгы…
Билик экен чырак майы түгөнгөн,
Билемин деп жүргөнүмдүн бардыгы.

Ээлеп алып ар ким дар-дүң коктуну,
Эге талып, пенде жагып оттуу улуу.
Эсил дүйнө жашап жатат бейкапар,
Эч билинбей Сократтын жоктугу.

Жыртак сөз

Шекшинебиз турса деле баары ачык,
Ар чындыктан сар чындыкты талашып.
Кедей айткан келжиреген жыртык сөз,
Бай сүйлөсө калат неге жарашып?!

Дайырбек СТАНТЕГИН

1 thoughts on “Дайырбек Стантегиндин тандалма ырлары

Комментарий кошуу