Кирпи менен коён


maxresdefault

Сирия жомогу

Бир күнү кирпи менен коён жарышмак болушат. “Жүрү, тээтиги тоонун түбүнө чейин чуркап баралы, ким биринчи жетээр экен” дешет.

Экөө жарышка түшкөндөн кийин коён “баарыбир мен жакшы чуркайм да” деп жолдон көп жолу эс алыптыр. Ал тургай жолдон токтоп, уктап калат. Ал эми кирпи “мен жакшы чуркай албайм, батыраак барайын” деп астыга жылып кете берет.

Ошентип коён кечке чейин уктап жата берип, ал арада кирпи тоонун түбүнө биринчи жетип келиптир. Демек, пайдасы тийбеген өнөрдөн пайдалуу өжөрлүк жакшы деген ошол.

КИРПИ

Латыш жомогу

333Кирпи тыйын таап алды. Жанынан бир бай кетип бараткан.

Кирпи байды карап-карап туруп:

– Менде болгон байда жок! – дейт.

– Сенде анчалык эмне бар болду экен? – дейт бай.

Кирпи колундагы тыйынды көрсөтөт. Бай жини келип аны тартып алат.

Анда кирпи айтат:

– Ии, мен айтпадым беле, менде болгон сенде жок деп. Сенде болсо менден жанталашып тартып албайт элең.

Байдын ого бетер жини келип, тыйынды ыргытып ийет. Анда кирпи күлөт:

– А-а, менден коркуп ыргытып ийдиңби?

Бай кирпини сабайын дейт, бирок сайып салат деп коркот. Ошентип жини келген боюнча арабасына түшүп алып кетип калыптыр.

Кыргызчалаган Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Комментарий кошуу