Бейшебай УСУБАЛИЕВ
Аңгеме
– Самат, Самат, уксаң…Чымчыктар сайрап жатат, – деди аялы, уйку-соонун ортосунда жаткан Саматты акырын нукуп.
Самат кайдыгер гана:
– Аа… – деп койду.
– Уксаң, Самат, чымчыктар сайрап жатат, – дейм. Чымчыктар сайраганда, үйгө дайыма бирөө келчү эле. Бүгүн да бирөө келет окшойт.