Маттео Фальконе


Котормочудан кыстырма кеп

Проспер Мерименин “Маттео Фальконе”  новелласы абдан кызыктуу жазылган. Новелланы окуп атып, бардык каармандарга: мыйзамдан качкан качкынга, чарчап-чаалыккан  аскерлерге, Маттеонун аялына, атасынын колунан  каза тапкан Фортунатого, өз уулун чыккынчылык кылгандыгы үчүн  жазалаган корсикалык адамга боор ачып кайгырасың.

Проспер Мерименин чыгармачылыгына орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкин  ар дайым кызыгуу менен көңүл буруп окугандыгы белгилүү.

Новелла 

 Эгер Порто-Веккодон түндүк-батышка барсаңыз (шаар жана порт Корсика жээгинин түндүк-чыгышында) аралдын түпкүрүн көздөй келатканыңда ошол жер  дароо эле көтөрүлүп көрүнө баштайт да, асканын килейген сыныктары жана кээде жарларды кесип  өткөн ийри-буйру жалгыз аяк жол менен 2 саат жол басканыңдан кийин  жайкалып өскөн бадалдын четине жетесиң.

Бул корсикалык малчылардын жана качкындардын мыйзам-заң менен келише албагандардын  мекени. Өз талаасын асылдандыруу  түйшүгүнөн арылгысы келген корсикалык дыйкан бир кыйла жердин токоюн өрттөп жиберерин айта кетүү керек, жалын тийиштүү жерден өтүп кетсе деле эч нерсе  эмес, эмне болсо да ал өзү өстүргөн дарактын күлү менен семиртилген бул жерден жакшы түшүм алынаары анык. Буудайдын машактары  жыйналгандан кийин (саманын ташташат, себеби аны жулуу кыйын) дарактардын тамырлары кол тийбестен жер алдында калып, кийинки жазда, бир нече жылдан кийин жети же сегиз метрге жете турган  өтө эле жыш, бири-бирине чырмалышып өскөн  дарактар өсүп чыгат. Бул  бадалдар деп аташат. Ар түрдүү  дарак тамырлары бирине-бири чырмалышып, чычкан мурду жоргологус чытырман токойго айланат. Мындай жерден колунда балтасы бар гана адам өзүнө жол ача алат, кээде кулжалар да кире албаган, ушунчалык калың өскөн жана адам өтө алгыс чытырман токойго туш болот.

Эгерде сиз адам өлтүрүп алсаңыз Порто-Векконун бадалына качсаңыз болот жана ал жерде эч кооптонбой эле жашайсыз, болгону жакшы мылтыгыңыз, ок-дарыңыз гана болсо, башка киймеси бар  күрөң суулук алууну унутпаңыз, ал сизге кийим менен төшөнчү да болот, ал жердеги жергиликтүү койчулар сизди  сүт, сыр жана тамак-аш берип багып турушат. Ок-дары алуу үчүн шаарга  баруу зарылдыгы болбосо сот акыйкатынан жана өлгөндүн туугандарынан коркпой эле койсоңуз болот.

18-жылы мен Корсикага барганымда Маттео Фальконе ошол токойдон жарым чакырымча жерде жашачу. Ал ошол жерде жашагандардан кыйла  жетиштүү байларынан болгон, токпейил адам болчу, башкача айтканда, малчылар  көп сандаган короо-короо малдарын бир жайыттан экинчи жайытка которуп багышчу, түшкөн кирешесин деле эч нерсе кылбай эле бейгам жашоочу. Мен  Маттео Фальконе жөнүндө айтып бергени жаткан окуядан 2 жыл мурун сыртынан караганда 50 жаштар чамасында эле. Чарчы бойлуу, денеси чымыр, көөдөй тармал, кара чачтуу, кууш тумшук, жука эриндүү, өткүр  бакырайган  көз караштагы  жана жүзү өңдөлгөн теринин түсүндөй адамды көз алдыга келтирүүгө болот. Мылтыктан ок атуу боюнча бул аймактагы мыкты  аткычтардын арасында да ал көзгө атаарлыгы менен айырмаланчу. Мисалы, Маттео аркарды бытыра менен атчу эмес,  жүз жыйырма  кадамчалык жерден аны өз каалаганындай башка, же сүбөгө атчу. Ал мылтыкты күндүз кандай атса, түн ичинде дал ошондой эле ата алчу. Мага Корсикада  болбогон адамга чындыкка окшобогон   мисалды  айтып беришти. Ал сексен кадамдай  жерден чоңдугу тарелкачалык жука кагаздын ары жагында күйгүзүлгөн шам турду, ал мээледи, андан кийин шамды өчүрүштү, жарым мүнөттөн кийин  ал көөдөй болгон  капкараңгылыкта  төрт октун үчөөнү тең тийгизе атты.

Өзүнүн мындай чеберчилиги менен Маттео Фальконенин атак-даңкы алыска тараган эле. Ал кандай гана коркунучтуу душман болсо, ошончолук эле жакшы камкор жолдош, жакырларга марттыгын көргөзчү. Эмнеси болсо дагы Порто-Веккьонун аймагындагылардын баары менен тынч, ынтымакта турчу. Бирок, ал Кортадагы (аялы ошол жактан) атаандашын согуштагы да, сүйүүдөгү да коркунучтуу душманым деп эсептеп, жазасын аеосуз колуна бергендигин жана акырында Маттеонун атаандашын терезеге илинген күзгү алдында сакалын алып атканда мылтык менен атып жиберген деп  жалган жерден имиш чыгарышкандыктарын мага айтышкан. Бул окуянын изи суугандан кийин, Маттео үйлөнгөн. Аялы  Жузеппа ага үч кыз (бул анын  аябай жанын кашайткан эле) анан акырында көптөн күткөн уул төрөп берип, анын ысмын Фортунато койгон болчу. Ал үй бүлөнүн үмүтү,  тукум улоочу мураскору болуп калат деп  бекем ишенимде болгон. Кыздарынын бактылары ачылып, жайлуу жерлерге күйөөгө чыгышты: зарыл учурда кайын атасы күйөө балдарынын канжарлары менен мылтыктарына  таяна алган. Уулу онго толсо да, өз ишенимин көрсөтүп калган эле.

Күндөрдүн биринде ал таң эртең менен аялын ээрчитип  токойдун берки четинде жайылып жүргөн  малдарына көз салып келүүгө жөнөдү. Кичинекей Фортунато  ата-энеси менен баргысы келди, бирок жайыт абдан алыс болгондуктан, анын үстүнө үйгө көз салып туруу үчүн бирөө калыш керектигинен ата-энеси аны ээрчиткилери келишкен жок. Бирок бул жасаган кылыгы үчүн ал канчалык өкүнгөнү мындан ары айкын болот.

Алар кеткенден кийин бир нече саат өтүп калган эле, кичинекей Фортунато күнгө кактанганы жайланып жатты, көгүш болгон тоолорду телмире тиктеп, келээрки жекшембиде шаардагы таякесиникине (капрал) түштөнгөнү бараарын кыялданып атканда мылтыктын “тарс” эткен үнү оюн бузуп жиберди. Ал тура калып үн чыккан жакка бурулуп карай баштады. Мылтыктын үнү ар кандай тыным менен угулуп, уламдан-улам жакындагандан жакындап, акыры түзөңдөн түз эле Маттеонун үйүн көздөй келген жалгыз аяк жолдон тоолуктар кийүүчү шуштугуй баш кийимчен, сакалчан, үстү-башы тытылган адам көрүндү, ал мылтыкты араң эле таянып, акырын жылып келатыптыр. Ок азыр эле анын жамбашына тийген. Бул киши ок-дары алуу үчүн түн ичинде шаарга жөнөгөн качкын болчу, жолдон корсикалык аскерлердин буктурмасына кабылып калган. Жанталаша коргонуудан кийин ал куугундан жардан-жарга жашырынып, аткылашып атып эптеп кутулат. Бирок аскерлерден аз гана озуп, аларга жеткирбей токойго  тезирээк кирип кетүү үчүн алган жарааты жолтоо болуп, айла-амалы түгөнүп, кичинекей Фортунатого келип жалдырады:

– Сен, Маттео Фальконенин уулусуңбу?

– Ооба.

– Мен Жанетто Санпьеромун, мени сары жакачан аскерлер кууп келатышат. Мени жашырып койчу,байболгур, баса албай калдым.

– А эгер сизди  анын уруксатысыз жашырып койсом атам эмне дейт?

– Ал сени жакшы иш кылыптырсың дейт.

– Ай , ким билет?

– Мени тезирээк жашыр, алар келип калышмай болду.

– Күтүп тур, атам келсин.

– Кантип күтөм! Кара баскырдыкы десе. Алар беш мүнөттөн кийин бул жерде болуп калышат. Тезирээк жашыр же сени атып саламын. Фортунато камырабай мындай жооп кайтарды:

– Мылтыгыңыздын дүрмөтү жок, баштыгыңызда огуңуз түгөнгөн.

– Менин  үч кырдуу канжарым бар…

– А сиз мени кууп жеталбайсыз?

Бир секирик менен  коркунуч алыстагандай болду.

– Жок, сен Маттео Фальконенин уулу эмес экенсиң, мени чын эле үйүңдүн жанынан карматканы турасыңбы?

Баланын боору ачып кетти.

– Сизди жашырып койсом акысына эмне бересиз? – деп ага жакындады. Качкын белинде байланган булгаары баштыктын ичинен ок сатып алайын деп сактаган 5 франктык тыйынды алып чыкты. Фортунато күмүш тыйынды көрө коюп, күлүмсүрөп ала койду да, Жанеттого мындай деди:

– Эми эч нерседен коркпогун!

Ал  дароо эле үйүнүн жанындагы чөптүн  чөмөлөсүнө  оюк жасады. Жанетто оюкка кирип жашынды, бала аны чөмөлөдө адам жашырынгандыгын билгизбеш үчүн саман  менен жаап, бир аз аба кирип туруш үчүн кичинекей оюкча жасап койду. Мындан тышкары, Фортунато адам оюна келгис  дагы  бир айла ойлоп тапты. Ал чөмөлөгө көптөн бери адам колу тийбеген өңдөнтүп, мышыкты мыйлары менен алып келип чөмөлөнүн үстүнө таштап койду.  Андан кийин үйүнө келүүчү жалгыз аяк жолго тамчылаган канды байкай коюп, аны топурак менен себелеп жакшылап жапты да, өзү камаарабай күнгө кактанып жатып алды.

Бир нече мүнөт өткөндөн кийин сары жакалуу, күрөң формачан сержант башкарган аскерлер Маттеонун үйүнүн жанында турушту. Бул сержант   Маттеонун алысыраак тууганы боло турган эле. Корсикада тууганчылыкка башка өлкөлөргө караганда алда канча кылдат мамиле кылары белгилүү. Ал Теодоро Гамба болчу, бардык качкындардын жүрөк үшүн алган, анткени алардын көбүн кармап алчу, ошону  менен жаны тынбаган адам эле.

– Жакшы экен, жээним, – деди ал, Фортунатого жакын келип. Чоң жигит болуп калган турбайсыңбы? Бул жерден азыр  адам  өткөнүн көрө  алган жоксуңбу?

– О мен сиздей болуп чоңое  элекмин байке, – деп аңкоолоно жооп берди бала.

– Сен да чоңоесуң! Эми айтчы: бул жерден эч ким өткөн жокпу?

– Өттүбү,  дейм бул жерден кимдир-бирөө?

– Ооба, шуңшуйган шапкечен, эчкинин терисинен кызгылт сары өңдөгү күрмө кийген адамды көрө алдыңбы?

– Шуңшуйган шапкечен, эчкинин терисинен кызгылт сары өңдөгү күрмө кийген адамды?

– Тезирээк жооп бер, менин суроолорумду кайталабай.

– Бүгүн эртең менен үйдүн жанынан  атына минип алып Пьеро деген молдо өткөн болчу. Ал менден атамдын ал-абалын сурады, анан мен минтип айттым…

– Калпычы! Сен митайымданып атасың! Тез жооп бергин, Жанетто кайда житип кетти? Биз аны издеп жүрөбүз. Ал сөзсүз ушул жол менен өткөнүн билем.

– Мен кайдан билем!

– Кандайча билбейсиң, сен аны көргөнүңдү мен билип эле турам…

– Уктап жатсаң, өтүп бараткан адамды  кантип көрмөк элең?

– Сен уктаган жоксуң, митайым! Сени кантип мылтыктын тарсылдагы  ойготкон жок?

– Эмне, сиздердин мылтыктын үнү ошончолук эле катуу чыгат деп ойлойсузбу? Менин атамдын мылтыгынын үнү абдан катуу чыгат.

– Шайтан алгырдын баласы десе!

Мен  биздин качкынды көргөнүңдү билип турам. Мүмкүн, аны катып койгондурсуң. Жигиттер, үйгө киргиле, качкынды издегиле! Ал алыс кете алган жок, бир буттап аксаңдаган неме бадал токоюна чейин жете албасына бул шүмшүктүн  акылы жетет. Анын үстүнө  кандын изи ушул жерден бүтүп атат.

– Өзү жокто биздин үйгө уруксатсыз киргениңерди билсе, – мыйыгынан күлүп, – Атам эмне дейт? – деген суроо койду Фортунато.

– Митайым, – деди сержант Гамба баланы кулагынан чоюп. – Эгер мен кааласам , сен башкача ырдай баштайсың. Сени  кылычты жалпагы менен  жыйырма жолу чапканда , чындыкты өзүң айтасың.

– Фортунато болсо  жылмайып күлгөнүн  улантты.

– Менин атам Маттео Фальконе! – деди маанилүү  басым  менен.

– Митайым десе, билсең сени Кортеге (Корсика борборундагы шаар) же Бастияга (Корсиканын түндүк-чыгыш жээгиндеги шаар порту)  алып кеталам, Жанетто Санпьеро эгер каякта экенин  айтпасаң,  сени  саманга ыргытып, түрмөгө каматып, колуңа кишен салып анан башыңды кыюуга буюрам!

– Бала  мындай күлкүлүү коркутууну укканда каткырып күлдү. Ал кайталады:

– Менин атам – Маттео Фальконе.

– Сержант, – деди  вольтижерлордун бири акырын келип, – Маттео менен чатакташып калбайлы.

Гамба эмне кылаарын билбей калды. Ал  аскерлери менен  акырын кеңешип, андан кийин  үйдү бүт карап чыгууга үлгүрүштү. Буга көп деле убакыт кеткени жок, анткени кайсы корсикалыктын үйү болбосун бир  чарчы гана бөлмөдөн турат Болгону үстөл, керебет, сандык, үй эмеректери жана   мергенчиликке тийиштүү жабдыктар, башка жасалгалары жок. Кичинекей Фортунато  бул убакта мышыгын сылагылап отурду, аскерлер менен  байкесинин оңтойсузданганын кылтыйып  мыйыгынан жылмайып карап турду.

Аскерлердин бири чөмөлөнүн жанына басып келди. Ал  мышыкты көрүп, көңүл кош гана чөптү мылтык башы менен сайгылап койду,  мындай алдын алган  сактык деле акылга сыйбайт,  кантип билиш керек деп ийнин  куушуруп, чөмөлөгө көз жүгүртүп туруп калды. Эч нерсе кыймылдаган деле  жок, баланын жүзү эч кандай шек билдирбеди.

Сержант жана отряддын шаштылары кетти, алар  түздүк жакты карап чыгышты, келген жагына кайра тартмакчы болушту, бирок  бул жерден   сержант Фальконенин уулунун эч нерседен коркпостугуна көзү жетип, акыркы аракет кылып  көрүүнү чечти.  Акыры баланы эркелетип,   белек тартуулап алдап, сынагысы келди.

– Жээним, – деди ал, – сен акылсыз бала эмессиң. Сен  бул акылың менен алыс кетесиң. Бирок сен мени тим эле эрмектеп турасың, эгер мен Матео бөлөмү капаланткым келбегенде, кудай урсун, сени өзүм менен алып кетмекмин.

– Ошондойбу?

– Бирок Маттео бөлө келгенде, мен ага  болгонун болгондой кылып баарын айтамын, сенин калптарың үчүн ал сени көгала койдой соет.

– Көрөбүз!

– Аны убагында көрөсүң. Кулак салчы, сен тил алып, жакшы бала болсоң, мен сага сонун бир нерсе берем.

– А мен  сизге, таяке  мындай кеңеш берем: эгер сиздер шашпай бул жерге  көпкө кармала берсеңер, Жанетто бадал токоюна кирип кетиши ыктымал, сизге аны кармаш үчүн дагы бир нече  эр азаматтар керек болуп калат.

Сержант чөнтөгүнөн кымбат баалуу күмүш саатты алып чыкканда, кичинекей Фортунатонун көздөрү жайнай түшкөнүн байкаган сержант, сааттын темир чынжырынын учун кармап мындай деди:

– Эй, алдамчы! Көкүрөгүңө ушундай кооз саатты тагынууну каалайттырсың,  Порто-Векконун көчөсүндө  түрүнө кирген тооктой болуп  сыймык менен көчө аралап кетип баратканыңда, сенден адамдар: “Саатың канча болду?” – деп сурашса, сен аларга  “менин саатыма карап алгыла”, – деп жооп берет элең.

– Мен чоңойгондо , – менин капрал байкем мага саат белек кылат.

– Ооба, бирок сенин байкеңдин  сенден да кичине уулунун ушул сааттан анча кооз эмес  сааты алда качан эле бар, чын.

– Фортунато оор улутунуп алды.

– Эми эмне, бул саатты алгың келбейби, жээним?

Фортунато көзүнүн кыйыгы менен карап,  өзүн мышык алдына бүтүн балапан тоокту алып келип койгон сыяктанды. Кыжырын келтирип кызыктырып аткандарын түшүнүп эле турду, бирок убакыт өткөн сайын чыдамы түгөнүп, колдон жулуп алгысы келип, андан көзүн албай, азгырылып баратканы жүзүнөн көрүнүп, саатка суктанган түрү менен кожоюнга: “Тамашаңыз мынча неге катаал!” – деп тургансыды. Бирок сержант Гамба чындыгында эле саатты белекке бергени тургандай туюлду. Фотунато ага колун созгон жок, ызаланган жылмаюу менен:

– Сиз мени ушунча да шакаба чегесизби? – деди.

– Кудай урсун, сени шакаба кылган жокмун! Мага Жанетто кайда экендигин айтсаң эле, саат сеники болот да, калат.

Фортунатонун жүзүн ишенимсиз жылмаюу аралап, ал алардын сөздөрүнө ишенсемби деген кыязда сержанттын жүзүнө тигилди.

– Кудай урсун, саатты, сөзсүз берем, – деп кыйкырып жиберди сержант. Мен сөзүмдөн танбайм, буга аскерлер күбө болсун.

Ушинтип айтып болгон соң сержант сааттын боосун баланын кубакай болгон жүзүнө тийгизип өттү. Баланын жан-дүйнөсүндөгү саатты   алуу каалоосу менен сый катары алууну эңсөө  ортосундагы күрөшү жүзүнөн ачык  байкалып да, сезилип да  турду. Анын жылаңач көкүрөгү көтөрүлүп, деми тумчуккансып кысылып баратты. А саатты болсо  атайы термелтип, анын мурдунун учуна тийгизип өттү. Акыры Фортунатонун колу  ишенимсиз, аз-аздан эрксиз саатты көздөй  көтөрүлүп баратты. Колунун учу саатка, анан саат алаканына тийгенде – сержант сааттын чынжырынын учун тартып турду… Циферблаты кооз… тулкусу абдан тазаланган саат …күнгө оттой чагылышып… анын ичин кызытып азгырып туруп алды.

Фортунато сол колун көтөрдү да, бармагы менен өзү жөлөнүп турган чөптүн арасын ийининен ашыра жаңсап көрсөттү. Сержант аны дароо түшүндү. Ал сааттын чынжырын кое берди, эми Фортунато саатка жалгыз ээ болуп калды. Ал эликтей так секирип, аскерлер ошол замат чача баштаган үймөктөн он кадамча четтеп кетти.

Чөмөлөнүн ичинен адам кыймылдап, анын ичинде канжар кармаган, канга боелгон адам чыкты. Ал бутуна турууга аракеттенсе да,  жаңыдан катый баштаган жарааттары мүмкүнчүлүк бербей жыгылып кетти. Сержант анын жанына чуркап барып, канжарын жулуп алды. Анын каршылык кылганына карабай ошол замат колу-бутун байлап салышты.

Жанетто бооланган бир кучак чырпыктай байланып жерде жатты. Жанына келген Фортунатого башын буруп:

– Ачууланганга караганда  жек көрүү уулуу деп ойлосо, – деди .

Бала  андан алган күмүш тыйынга өзүнүн  татыксыздыгын сезип, ага ыргытканына качкын көңүл буруп да койгон жок. Оор  басырыктуулук менен сержантка мындай деди:

– Кымбаттуу Гамба! Мен баса албайм; шаарга чейин мени  көтөрүүгө туура келет.

– Сен азыраакта эле эчкиден  да бат  чуркадың эле, – деп күңкүлдөдү катаал жеңүүчү. – Бирок кабатыр болбо: мен колума түшкөнүңө кубанып турам, мен сени  чарчаганыма карабай  бир аз болсо да ийниме көтөрөм. Эмнеси болсо да, тууган, биз сен үчүн  чырпыктардан жана сенин күрмөңдөн замбил жасайбыз, Кресполи фермасынан ат табабыз.

– Макул, мага ыңгайлуу болсун үчүн  замбилге бир саман төшөп койгула, – деди туткун.

Аскерлердин баары иш менен алек, – бирөөсү каштандын бутактарынан замбил жасоо менен, башкасы Жанеттонун жараатын таңуу менен алек болуп жатканда бадал токоюна кетчү жалгыз аяк жолдун бурулушунан  Маттео Фальконе менен аялы көрүндү. Аял  каштан менен чоң мүшөктү ийилип көтөрүп, кыйынчылык менен басып келатты. Ошол эле учурда катарындагы күйөөсү бир мылтыгын кармап, экинчисин ийнине асып жеңил кадам шилтеп Маттео келатты.

Аскерлерди көрөрү менен Маттеонун башына өзүн камаганы келгенби деген ой келди. Мындай ой кайдан? Маттеонун бийликтегилер менен каршылаштыгы бар беле? Жок, анын атын беделдүү, жакшы адам катары билишет. Ал корсикалык тоолук адам эмеспи, эгер өзүнүн өткөндөгүсүн ийне-жибине чейин көз алдына келтирип көрсө, анда  мылтык атып койгонун, же канжар сайып, же бекерчиликтен көпкөнүн эстебеген корсикалык тоолук адам бул жерде жок. Маттеонун ариети кимге да болсо таза болчу, анткени мына он жылдан ашык убактан бери мылтыгын жан адамга мээлеп көргөн жан эмес, ошентсе да ал кыраакыланып, урушта туруш жок дегендей коргонууга этияттанып даярданды.

– Байбиче, – деди Жузеппага, – мүшөктү жерге кой, сак даяр тургун.

Аялы  анын айтканын ошол замат аткарды. Маттео тоскоол болбош үчүн ийниндеги асынып турган мылтыгын аялына сунду. А экинчи мылтыгын болсо октоду да, душман тараптан биринчи аракеттер болсо жол четиндеги жоон даракка далдаланып аткылоону ойлоп, үйүн карай жай кадам шилтеди. Жузеппа күйөөсүнүн берген мылтыкты октору менен кармап артынан басты. Жакшы аялдын милдети –  атышуу учурунда өз күйөөсү үчүн мылтыкты октоп берүү.

Сержант мылтыгын  сөөмөйү менен даяр кармап келаткан Маттеону көргөндө бир эсе ыңгайсыз сезсе, бир эсе жеңилденгендей сезди.

“А эмне экен, эгер Маттео Жанеттонун  тууганы, же досу болуп чыгып, аны коргогусу келсечи! Анда анын  мылтыктарынан  атылган огун почтадагы кат алган сымал  биздеги экөө алышы да бышык. Кокус, ал биздин туугандыгыбызга карабай мени көздөй мээлесечи?..”

Ушундай шекшинүүлөрдөн кийин ал Маттеого болуп өткөн окуяны эски таанышына  болгонун болгондой кылып айтып берүү үчүн сабырдуулук менен бир чечимге келип, анын алдын утурлай тосуп чыкты. Бирок эмнегедир Маттео экөөнүн ортосун бөлүп турган кыска аралык  эмнегедир эң узак болуп сезилди.

– Эй, эй эски дос! – деп кыйкырды. – Кандай турасың? Бул мен – Гамбамын, сенин тууганыңчы?..

Маттео үн катпастан токтой калды, сержант сүйлөп бүткүчө мылтыгынын оозун акырын өөдөлөтүп, сержант ага жакын келгенде асманга каратып койду.

-Саламатсыңбы, тууган! – деди сержант колун сунуп. – Көптөн бери көрүшө элекпиз го?

– Саламатсыңбы, иним!

– Мен  өтүп баратып  сени менен жана карындашым Пеппа менен учураша кетейин дегем. Бүгүн бизде бири-бирибизди аябай кубалашуу болду, бирок чарчап-чаалыктык деп даттанууга болбой турган жакшы олжо болду. Биз азыр эле Жанетто Санпьерону колго түшүрдүк.

– Кудай жалгагырдыкы, ырас болгон тура! –деп Жузеппа кыйкырып жиберди. – Ал өткөн аптада эле биздин  саан эчкибизди уурдап кеткен болчу.

Бул сөздөр Гамбанын    ичин жылытты.

– Байкуш! – деп үн катты Маттео. – Ал ачка болчу!

– Бул шүмшүк бизден арстанча коргонду, – деп бир аз нааразылана сөзүн улантты сержант. Ал менин аткыч аскеримди өлтүрдү, анысы аз келгенсип  капрал Шардондун колун кокустатып койду; эмнеси болсо да бул анча кырсык эмес: Шардон француз да… Анан ал ушунчалык киши тапкыс жайга жашынган экен дейсиң, аны шайтандын өзү дагы таба алмак эмес. Эгер менин жээним Фортунато болбогондо, мен эч качан тапмак эмесмин.

– Фортунатобу? – деп Маттео кыйкырды.

– Фортунатобу? – деп  кайталады Жузеппа.

– Ооба, Жанетто үймөк чөптүн арасына аябай жашынган экен, менин кичинекей жээним анын айла-амалын  бизге ачып койду. Бул тууралуу капрал байкесине айтамын, ал  сыйлык катары белек жөнөтөт. А мен  прокурор атына билдирмеде  аны жана сени ысымыңды жазамын.

– Каргыш тийгирдики! – деп  угуза айтты Маттео.

Алар отряд жанына келишти. Замбилде жаткан Жанеттону алып кетүүгө камынып атышыптыр. Гамба менен катар турган Маттеону көргөндө ал кандайдыр сырдуу жылмайды да, анан үй жакка  карап,  босого жакка түкүрүп мындай деди:

– Чыккынчынын үйү!

Фальконени чыккынчы дешке өлүмгө гана баш байлаган адам даап айта алмак. Мындай кордогондук үчүн  кайра жооп кылып урган канжар сымал болмок, жана да мындай канжар уруу кайталанмак эмес.

Бирок, Маттео болуп өткөн окуяга кайгыруу менен  чекесин колу менен басты.

Фортунато атасын көрүп, үйүнө  кирип кетти. Бир аздан соң ал кумурага сүт куюп келип, башын жерге салып Жанеттого сунду.

– Жогол менин жанымдан! – деп үрөй учура кыйкырды кармалган  адам.

Андан кийин бир ыптасына оодарылып, аскерлердин бирине кайрылды:

– Дос, мага сууң болсо берип койчу.

Асекр суу ичкен флягасын берди, туткун суусунун кандырды, жанаракта эле атышып аткан душманына карабай анын колунан суу ичти… Андан кийин ал колун аркасына эмес, көкүрөгүнө байлап коюуларын өтүндү.

– Мен жайлуу жатканды жакшы көрөм, – деди ал.

Анын өтүнүчүн дароо орундатышты; андан кийин сержант жөнөөгө белги берди, Маттео менен коштошуп,  жооп албастан эле тез кадам шилтеп, түздүккө түшө башташты.

Он мүнөттөн ашык убакыт өттү, а Маттео болсо үн катпады. Бала тынчы кетип, бирде энесин, бир мылтыгына таянган калыбында ачуусун тыя албай, өзүн карманып турган атасын карап  жалтаңдап турду.

– Жакшы баштапсың! –деди  акырында Маттео токтоо үнү менен, бирок бул адамды билгендер үчүн катаал эле.

– Ата! –деди бала  көзүнө жаш толтуруп, ал атасынын бутуна жыгылчудай болуп  алга кадам шилтеди.

Бирок Маттео:

– Жогол! – деп ачуу  айкырык менен кыйкырды.

Бала бышактаган бойдон атасынан бир нече кадам алыс жерде кыймылсыз туруп калды.

Жузеппа алардын жанына келди. Фортунатонун көйнөгүнүн астынан чыгып турган сааттын чынжыры  анын көзүнө урунду.

– Бул саатты сага ким берди? – деп зекип сурады.

– Сержант байке.

Фальконе күч менен жулуп алды да, саатты ташка бырын-чырынын чыгара талкалай чапты.

– Байбиче! – деди Маттео. – Бул менин баламбы?

Жузеппанын кара-тору жүзү бышкан кирпичтей кызарып кетти.

– Эмне деп атасың, эсиңе кел, Маттео! Ойлоп көрчү, сен кимге айтып атканыңды ойлосоң боло?

– Демек, бул бала  биздин тукумдагы  биринчи чыккынчылык кылган бала.

Фортунатонун бышактап, шолоктогон үнү күчөгөндөн күчөдү, а Фальконе болсо кыжыры кайнаган, ачуулуу көздөрү баласына ого бетер кадалды. Акырында ал мылтыктын кундагы менен жерди бир койду да, мылтыгын асынган бойдон, Фортунатону артынан ылдам басуусун буюруп, бадал токоюн көздөй кадам шилтеди . Бала айтканына көндү.

Жузеппа  Маттеого атырылып, анын колунан  кармай калды.

– Бул сенин жалгыз балаң эмеспи! – деди аялы калтыраган үнү менен кыйкырып.

Күйөөсүнүн жан-дүйнөсүндө эмне болуп атканын жүзүнөн окугусу келген кыязда тигилип турду.

– Мени жайыма койчу! – деди Маттео. – Мен анын атасымын.

Жузеппа уулун кучактап  өптү да, ыйлаган бойдон үйүнө кетти. Ал келээри менен үйүндө илинген кудай-эне  сүрөтүнүн  алдына тизелей, жалынып-жалбарып кудай алдында сыйынды.  Ошондой болсо да Фальконе жалгыз аяк жол менен эки жүз кадамча баскандан кийин ылдый кеткен ойдуңга токтоду. Жерди  мылтыктын кундагы менен чукулап көрдү эле, жер жупжумшак болуп чыкты, бул жер өз оюн ишке ашырууга ылайыктуу экенин баамдады.

– Фортунато, тээтиги чоң таштын  жанына барып тур.

Анын буйругун тез эле аткарып, Фортунато тизелеп отурду.

– Келмеңди келтир!

– Ата, Атаке! Мени өлтүрбөчү!

– Келмеңди келтир деп атамын, – деди каарданган үн менен Маттео.

– Бала мукактанып, билген аяттарын бышактап окуду.

Атасы ар бир аяттын аягында  катаал   түр менен “омийин”  деп айтып турду.

–  Сен мындан башка аяттарды билбейсиңби?

– Ата! Мен таежем  үйрөткөн… кайра-кайра кайталанып окулган дубаны билем.

– Ал абдан узак…  Мейли , баары бир, оку.

– Бала дубанын аяттарын үн чыгарбай окуду.

– Сен аяктадыңбы?

– Ата, ырайым кылчы! Мени кечир. Мен эч качан мындай ишти  кайталабаймын. Жанеттону бошоткула деп Капрал авамдан суранайын!

– Фортунато дагы  бир нерселерди айтып бежирей берди. Маттео  мылтыгын колго алып мээлеп атып, мындай деди:

– Сени кудайым,  өзү кечирсин!

– Фортунато айласы түгөнүп тура калып, атасынын бутуна жыгылгысы келди, бирок ал үлгүрө алган жок.

Маттео атып жиберди, бала сулк жыгылды.

Маттео өлгөн денеге карап койбостон, күрөк алып келиш үчүн жалгыз аяк жол менен үйүн көздөй жөнөдү. Бир нече кадам шилтеп баса электе,  мылтыктын атылган үнүнөн үрөйү учуп, жүгүрүп келаткан Жузеппаны кезиктирди.

– Эмне кылдың?

– Акыйкаттык кылдым, – деп жооп кайтарды Маттео.

– Ал кайда?

– Ойдуңда. Мен аны азыр көмөмүн Ал христиандарча өлдү. Мен жаназа окуттурам. Эми биздикине көчүп  келип жаша деп күйөө балам Теодор Бьянкиге  айтып коюу керек.

 Орус тилинен которгон balaz

Роза БЕКТУРОВА

Комментарий кошуу